1939-жылы туулган.
Чуйков атындагы Көркөм-өнөр училищасынын прикладдык бөлүмүн бүтүргөн.
Сүрөтчүлөр союзунда, “Кыял” көркөм кол өнөрчүлүк бирикмесинде эмгектенген. Балдардын көркөм-өнөр мектебинде сүрөт жана живопистен сабак берген.
Көптөгөн бүткүл союздук, республикалык жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу жана жеңүүчүсү.
1992-жылы кыргыз искусствосунда сатираны өнүктүрүүдөгү салымы үчүн Асанбек Турумбеков атындагы биринчи премиянын ээси болгон.