Бир канча карикатуралар сынактан алынды

Бизге келип түшкөн карикатуралардын арасында, тилекке каршы, плагиаттыкка жол берилген эмгектер бар экени аныкталды. Аны аныктаганга жардам берген авторлорго ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Автордук укукту урматтай турганыбызды жана сынагыбызда башка бирөөнүн бул укугунун бузулушуна жол берилбестигин билдиргибиз келет. Ошондуктан плагиаттыкка жол берилген эмгектердин авторлорун сынактан чыгарууга аргасызбыз.

Балким, башынан эле эмгектерди плагиаттыкка текшерсек мындай жагымсыз нерсе болбойт беле. Не болсо да бул бизге чоң сабак болдук.

Бул жылдагы сынагыбызга эмгектерди кабыл алуу 15-майда аяктаарын эскертебиз.

 

Комментарий кошуу